Сен каалаганыңды жасай аласың

Оо, Жараткан! Сен дубаларга жооп берүүгө мажбур эмессиң. Бирок биз сага муктаж экендигибизди билебиз. Баардык тилектерибизди кабыл ал жана аларды кабыл алгандыгыңды бизге сездир. Ачка жана жалгыздыкта титиреген жүрөктөрүбүздү ыйман жана бейпилдик менен тойгуз. Жолубузду арбыта албасак да көп жылдар бою жолдобуз. Кайгырып турабыз. Алдыбыздагы тоскоолдуктарды адам баласы ашып өтө алчу эместей көрүнөт, Мухаммеддин (с.а.в.) үммөтү бечара жана кыйынчылыкта... Мусулмандык болсо ырым-жырым, каада-салттардын тар чөйрөсүнө камалган. Өлгөндөр арзыбаган нерсе үчүн өлүшөт, өлтүргөндөр жасаган кылмыштарын күрөшүү деп эсептешет.

Оо, Жараткан! Бизди колубуздан карма, досторуңдун жүзүнө карагандай, бизге дагы мээримиңди чач, жан дүйнөбүздү нуруң менен нурландыр жана бизди Сенден алыстыктын караңгылыгынан, зындандарынан куткар жана Сенин жолуңа баш койгон ушул пенделериңди жалгыз таштаба. Сенден жүрөктөрүбүзгө нур, эркибизге күч, пикирлерибизге тууралык, ниеттерибизге түздүк сурайбыз. Биздин жан дүйнөбүздү кайрадан жөнгө сал. Ырайымдуулук Сенин сыпатың, жардам берүү адатың, кечирим кыл биз ошол ырайым, жардам жана кечиримге муктаж пенделербиз.

Биз баардык нерселерибиз менен бирге Сенин мүлкүңбүз; Сага мактоолор айтып жаткан болсок, Сен берген мүчөлөр менен айтып жатабыз; Сага кулчулук кылуу үчүн чуркасак, мойнубуздагы милдетибизди аткарып жатабыз.

Оо, Жараткан! Алдыбыздагы ушул узун жашоо сапарында, бизди өз сезимдерибиздин тардыгына гана таштап койбо; акылдарыбызды адашуудан, напсибизди дене кумарынын кысымынан, жүрөктөрүбүздү шайтанды өлтүрүүчү окторунан сакта. Пенделериңди; илимде текебердик жана мактанычтан, ибадатта эл көрсүндүк жана сезим уйкусунан сакта. Сенин жолуңда жүргөндөй көрүнүп, Сенден алыстоо, ыраазычылыгың деп сүйлөп коюп, Сени каарданта турган иштерди жасоо кандай өкүнүчтүү! Сен бизди пайдалуу деп ойлогон мындай зыяндуу иштер менен өмүр өткөрүүдөн сакта.

Оо, Жараткан! Сен бизди сакташың, жыгылганыбызда тургузууң, кирдеген инсандыгыбызды тез-тез жууп, кирден арылтып, сүйүктүү пенделериңдин арасына кошууң биз үчүн өтө маанилүү. Чындыгында күнөө бул күнөө, жаза берилиши керек. Биз дагы ушундай күнөөлөрдүн туткуну болуп саналышыбыз мүмкүн. Албетте Сен, азаптала турган көбүн табышың мүмкүн, бирок, биз кечире турган бирөөнү эч таба албайбыз. Эй кечирими, жазалоосуна басымдуулук кылган Зат! Бизди азаптаба. Эгер бир убактарда Сенден качып, ойго келбеген баткактарга батып, маңызыбызды өзгөртүүгө учуратып, чегибизди билбестен Сага каршы болуп, напсилерибизди ээрчип күнөөгө баткан болсок, азыр чарасыз, муктаждыгыбызды билип, күнөөлөрүбүздү моюнга алып, дагы бир жолу Сенин пенделериң экендигибизди күбүрөнүп, “мээрим кыла көр!” деп сыздап, Сенден Өзүңдүн улуулугуң жарашкан мамилени күтүүдөбүз.

Бизди кечир, биз алдыбызда тузак, аркабызда тузак, өткөн жолдорубуздун баарында напси, шайтан торун жайып күтүп турган, жол боюнда миңдеген бузукулуктардын очогу бар дүйнөдө жашап жатабыз. Сенин жардамыңа муктажбыз, чарасыздык абалыбыз көрүнүп турат, биздин ушул күнгө чейин бир канча жолу бузулган жан дүйнөбүздү бир гана Сен оңдой аласың. Сырыбызды Сага айтып, кемчиликтерибизди, жаңылыштыктарыбызды Сага айтып, бизге кайрадан чыныгы инсан болуунун жолдорун корсөтүшүңдү тилейбиз.

Жаңыдан бир үмүт менен Сага жүз бурдук. Башыбызды аягыбыздын деңгээлинде жерге койдук жана көп нерседен үмүт менен алдыңда турабыз. Каалоо, тилектерибизде бизди үмүтсүздүккө салба. Мындан кийин ар бир көз ирмемде, ар бир абалыбызды Сени гана ойлойлу, баардык нерсени Сен үчүн жакшы көрөлү, баардык нерседен Сага алып бара турган жолдорду издейли.

Ушул күнгө чейин башка нерселердин артынан чуркап жүрүп, чарчадык. Сенсиз жашоо көңүлүбүзгө көк таштай тийди, оюбузда Сенсиз эң кенен жолдор дагы тарып, жагымсыз абалга келип калат экен...

Сен эми бизди дагы бир жолу жалгыз калтырба; бизди Сенсиз жана жарык-нурсуз калтырба! Биз Сенин жолуңда жүргөндөйбүз, бирок, азыгыбыз жок, өмүрүбүз куру кыялдар, жалган түштөрдүн артында жүрүп өтүп кетти. Сенин алдыңда турабыз, бирок эч нерсебиз жок, жүрөгүбүз бош, сооп дептерибиз бош, бирок баардык бул боштуктарга тете бир нерсебиз бар, ал Сен тууралуу жакшы оюбуз. Ооба, күнөөлөрүбүз тоодой, үмүттөрүбүз болсо андан жогору турат.

Биз жүрө турган жолдордо жүздөгөн фараондор, жүздөгөн намруттар, жүздөгөн Абу Жахл буктурма жасап алып, бизге тиштерин кайрап, күтүп турушат. Тиштерин кайрай беришсин, баарынын таш-талканын чыгара турган Сен барсың го.! Алсызбыз, муктажбыз, муктаждыгыбыз чексиз, бирок коркпойбуз. Себеби, биз талап кылбастан бергендериңе карап туруп, биздин каалагандарыбыз бериле тургандыгына, муктаждыктарыбыз аткарыла тургандыгына ишенебиз.

Сени тааныгандарга маалым болгондой Сен бүгүнкү күнгө чейин-дааанышмандыгыңа ылайык-сурангандарга суранган нерсесин бердиң жана Сага таянгандарды эч бир убакта үмүтсүздүккө салбадың. Сага карай бир кадам таштаганга он эсе жакын болдуң. Сенин жолуңда жаза тайып, жыгылгандарды, жолуңду бекем кармаган кулдарың сыяктуу тазаладың. Ушул убакытка чейин Сенден тиленип жооп ала албаган эч ким жок.

Муктаж болуп, кыйналып түрдүү чараларды издедик, акыры келип, Сенин алдыңда турабыз. Сен муктаждык эмне экенин биз билбеген ааламда бизди жаратып, жан киргиздиң, сезим бердиң, жүрөк бердиң. Азыр ошол аткарылган муктаждыктарыбызды сезип жатабыз жана Сенден дагы бир жолу күнөөлөрүбүзгө эмес, жүзүбүзгө карап “Силер дагы менин тандалган пенделеримдин арасына кошулгула жана менин тартууларымдан үлүшүңөрдү алгыла.” деп айта турган жакшы учурду күтүп жатабыз.

Бир топ убакыт Сенден алыстап калып, кайра кайрылып Сага келгендерди куубай тургандыгыңды убада кылып, Сага жүздөнгөндөрдү ар дайым “келгиле” деп турасың. Оо, Жараткан! Өрмөлөп келгендерди дагы келди деп кабыл алсаң, уруксат бер, “Биз дагы келдик” дейли. Сага келип, жолдун кооптуулугун, напси жана шайтандын душмандыгын, өзгөчө ар дайым күнөөлөргө жакын, Сага карата сыйсыз мамиле кылган кежир напсибизди Сага арызданабыз. Канчалаган адамдар анын уулуу канжары менен жараланган жана ар дайым аны ээрчип жүрүшөт. Кылган иштери көңүл ачуу жана оюн, сезимдери уйкуда жана өздөрү адашуу жолунда, атак-даңк, жыргалчылык, көздөгөндөрү жеке пайда. Ар бири адамды өлтүрүүчү вирус болгон бул микробдор азырга чейин канчалаган өкүмдарлыктарды кыйратып, жер менен жексен кылды.

Сен колубуздан кармабасаң, бул айлакер, кыянатчы душмандарга каршы туруштук бере албайбыз. Тескерисинче Сени менен бирге болсок, анда эч нерседен коркпойбуз. Бизди шайтандын мындай тузактарына илинип, жок болуудан, жүрөгүбүздү шайтандын азгырыгынан, шайтанга азгырылгандар менен бирге болуудан сакта. Бизге кайрадан тирилүүнү насип кыл. Көңүлүбүз чөккөн, Сенден алыстагандыгыбыздын кыжаалатчылыгы менен кайгы тартып, бирок Сенден үмүтүбүз үзүлбөйт. Бизди дагы бир жолу жалгыз таштабашыңды суранабыз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.