Акыйкат жолуна чакырган азаматтарга

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) өмүрүндө бир эле жолу ажылык кылган. Бирок бүт өмүрү динди жеткирүү жана адамдарды акыйкат жолуна чакыруу менен өткөн.

* * *

Алла берген ырыскыларга ылайык иш кылбагандар, булактарын соолутушат.

* * *

Кээде төгүлгөн көз жаштар көптөгөн жүрөктөрдүн ачылышына себеп болушу ыктымал.

* * *

Улуулук - чоң иш жана чоң пландарда эмес. Пенде Алла ыраазычылыгын Алланын: “Мен сенден ыраазымын”,- дешинен издөө керек.

* * *

Үрөн себүүнү түшүм жыйноо мезгилине калтырба, эки мезгилдеги аракетиң да текке кетет!

* * *

Момун мусулман адам ишенип ыйман келтирген нерсесин иш жүзүнө ашырышы керек. Ыйман жана жакшы иштер пенденин сезимдерин бийлеп алганда, анын кыймыл-аракеттери да түзөлө баштайт.

* * *

Аллага тиешелүүнү “биздики” деп колдонушубуз, мамлекеттин мүлкүн айрым адамдар колдонгону сыяктуу.

* * *

Кылган күнөөлөрү тынчын алган адам, күнөөнү сооптон ажырата билет.

* * *

Ийгиликтин душманы – жашоо жыргалы. Мусулмандар өтө жупуну жана карапайым жашоо менен гана ийгиликке жете алышат.

* * *

Өтө көп жумуртка жана жөжөлөрүңөр болсо, алардын баарын бир себетке салбагыла!

* * *

Этияттык жана сактануу тагдырды өзгөртпөсө да, пендени тагдырга нааразы болуудан сактайт.

* * *

Бирөө тууралуу жакшы ойдо болуу башка. Жакшы ойдо болуп, ишенүү башка нерсе. Булардын ордун баампарасаттуу адамдар билет.

* * *

Динди чын ыкылас менен түшүндүрүү зарыл. Эч ким өзүнөн деңгээли жогору адамдарга бир нерсени түшүндүрүүгө аракет кылбашы керек, себеби натыйжа тескерисинче болуп калышы мүмкүн. Бала атасына, окуучу мугалимине, шакирт устасына бир нерсени үйрөтпөйт. Абу Талибдин Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи ва саллам) кабыл албашы көңүл бура турган маселе...

* * *

Ата-эне эч нерсеге алмашкыс адамдар. Бирок алар “Ислам динине кызмат кылба!”- дешсе, анда алардын бул тыюу салууларына моюн сунулбайт. Мындан башка иштерде ата-энесине моюн сунган адамдын жашоосу берекелүү болот.

* * *

Момун мусулман тынчтыктын жана ишенимдүүлүктүн жер жүзүндөгү өкүлү.

* * *

Адам өз айтканы туура болсо да атасы менен талашпашы керек. Алла Тааланын Каххар (Каардануу) сыпаты түрдүү өлчөмдө ар бир адамда бар. Кызуу кандуулук жакшы эмес, бирок Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи ва саллам) жолуна ылайык жөнгө салса, душмандарга карата сүр, момундарга карата кичипейилдик болуп чыга келет.

* * *

Ислам динине душман болгон жана Ислам динин акаарат кылган гезит-журналдарды окуу зарылчылыгы туулса, этияттык менен окуу керек.

* * *

Карөзгөйлөргө адамча мамиле жасоо менен жамандыктарынын алдын алууга болот. “Адам жакшылыктын кулу” деген сөздү эстен чыгарбоо зарыл...

* * *

Пас адамдар жанына пас адамдарды алып жүрөт. Алар ушуну менен бир аз болсо да, бийиктейбиз деп ойлошот.

* * *

Шайтан көбүнчө башкаларга акыйкатты жеткирүү менен алек болбогондорду жолдон адаштырат. Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарбаган адамдар вахийдин берекесинен куру калат. Ал адамдарга эч качан илхам келбейт. Алар китеп жазышы мүмкүн, бирок жазгандары берекесиз, караңгы нерселер. Жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган адамдарга ар дайым илхам келип турат. Ошондуктан, биз ар дайым окуп, ой жүгүртүп, баарына бир нерселерди түшүндүрүүгө аракет кылсак руханиятыбызды сактап кала алабыз. Акыйкат жолго чакырган ар бир адам Алланын ыраазычылыгын гана көздөшү керек. Ал: “Эгер тозокко барып калсам, ал жерде да акыйкатка ышкылуу адамдарды таап, акыйкатты түшүндүрүшүм керек” деген ойдо болууга тийиш. Доорубузда бизге керектүү адамдын көз карашы ушундай.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.