Убада

Миң жолу убада бергендин ордуна бир жолу убаданы аткарган жакшы.

* * *

Берген сөздү аткаруу адамгерчиликтин жана адамдык баалуулуктарды билүүнүн талабы.

* * *

Улам көчүп турган жерде өсүмдүк өспөйт, туруксуз адамда жакшылык болбойт.

* * *

Убадага бек туруу ыймандан, убададан кайтуу эки жүздүүлүктөн келип чыгат.

* * *

Адамдардын кээ бири ичинен ант берген нерселерди орундатууга аракет кылышат. Кээ бири андай анттан кабарсыз жашайт. Мына ушуну менен момун эки жүздүүдөн айырмаланат.

* * *

Убада берип, аткарбай койду дебе! Өзүң аткарбай койгон убадаларыңды эсте! Адамгерчилик кылбады деп эч кимди айыптаба! Адамгерчилик кыла турган мүмкүнчүлүктөрдү колуңан чыгарганыңды эсте!