Улуу сапаттар

Түбөлүктүү рухуңду бийик тут. Руханий улуулуктарга жеткенде, аны колдон чыгарбоого тырыш!

* * *

Эгер бир коомдо жаман адамдар жана жаман иштер көбөйүп, жакшылар менен жакшылыктар кылмышкер жана кылмыш сыяктуу аңдылып, аларга акаарат кылынып, кордук көрсөтүлүп, адепсиздик жайылган өлкөдө улуу сапатка ээ болууну көздөп жашаган адамдар үчүн жашоодон өлүм артык.

* * *

Улуулук – адамдар баалап, айбандар жактырбаган, пастык. Пастык - адамдар коркуп, оолак болгон, айбандар кебелбестен жасап келген иштерге карата абдан даана айтылган.

* * *

Дин, эл-журт, намыс жана мамлекет сыяктуу ыйык түшүнүктөрдү барктап сүйүү - улуу адамдардын касиети. Алар мындай улуу акыйкаттарды өздөрү да тебелебейт, башкаларга да жол бербейт. Керек болсо, ошол баалуулуктар үчүн жанын берүүгө даяр. Мындай баалуулуктун маңызын түшүнбөгөн адамдар алардын курманчылыктарын “акылсыздык” деп баалашат.

* * *

Улуулук кээ бир учурларда зыян тарттырса да, ал баары бир улуулук болуп саналат. Аны жактырбай, бушаймандануу туура эмес. Улуу иштердин натыйжасындагы зыяндар да улуу иштер менен жоюлушу керек.

* * *

Улуулук – татыктуу болгон урматтоого маани бербестик. Ал эми менменсинүү, мактаныч татыксыз болсо да, урмат-сый күтүү болуп саналат. Улуулук бар жерде, менменсинүү, мактанычтын үнү чыкпай калат.

* * *

Өткөн улуу ата-бабаларыбыздын жакшылыктарын эскерүүгө тийишпиз, алар ошого ылайык. Себеби, алар элдин өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон тамыр сыяктуу. Аларды жеригенге аракет кылуу элди даңазалуу тарыхынан үркүтүп, качырып салуу болуп саналат.

* * *

Белгилүү инсандарды барктап, аларды урматтоо менен эскергендер өздөрү да бир күнү урмат менен эскерилет. Белгилүү адамдарды сынга алып, алардын кадырын түшүрүүгө аракет кылгандар өтө жаман иштери менен белгилүү болушат.

* * *

Өзүн билүү – көрөгөчтүк, өзүн көрүү – сокурлук. Өзүнүн ким экендигин билген адам Аллага да, адамдарга да жакын болот. Өзүн гана көргөн адам менменсинүү сезиминен башка бардык нерседен алыстайт.

* * *

Тарыхтагы жаңылыштыктардан сабак алуу, өткөн адамдардын кемчиликтерин кечирип, аларды сынга алуу менен алакеттенүү – акылдуулук. Зарылдыгы жок эле өткөндөрдү каралоо акылсыздык болуп саналат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.