Дүйнөнү сабырдуулукка чакырган рухий лидер

Өткөн жумада Эл аралык "Руханият" ассоциациясы "ВЕФА борборунун" жыйындар залында "Жусуп Баласагындан Фетхуллах Гүленге чейинки толеранттуулук жана диалог маселелери" деген аталышта конференция өткөрдү.

Жыйындын катышуучулары адегенде Фетхуллах Гүлен тууралуу тасманы көрүштү. Тасмада инсандын азыркы ааламдашуу агымындагы орду, руханий лидерлиги тууралуу мурдагы Рим Папасы Иоанн Павел II, Түркия межилисинин экс-спикери Б.Арынч, жазуучу Ч.Айтматов, чыгыштаануучу аалым-академик Р.Рыбаков, Орусия мусулмандарынын муфтийи Р.Гайнутдин ж.б. дүйнөлүк кадыр-баркы жогору турган кишилер өз пикирлерин, ойлорун ортого салышкан.

Фетхуллах Гүлен АКШдагы 11-сентябрь окуясында дүйнө коомчулугуна өз убагында ислам дининде адамды өлтүрүү - террорчулук жок экендигин жана бул кылмыштарды дин менен байланыштыруу туура эместигин айткан инсан.

"Руханият" ассоциациясынын президенти Акун Токтосартов өз кириш сөзүндө Фетхуллах Гүлендин идеясынын негизинде ачылган билим берүү мекемелери, мисалы, Түркиядагы "Саманчы жолу", Кыргызстандагы "Себат" ж.б. дүйнөлүк деңгээлде бүтүрүүчүлөрдү даярдап жаткандыгын айтуу менен Фетхуллах Гүлен 45 илимий-популярдуу китеп жазгандыгын, ыр жыйнактарын чыгаргандыгын, анын жүздөн ашык ыры музыкалаштырылгандыгын, сүйлөгөн сөздөрү аудио, видео менен элге көп нускаларда тарап жаткандыгын айтуу менен ал мамлекет башчылары, дин ишмерлери жана ким менен болбосун сүйлөшкөн учурда диндерди урматтоого, толеранттуулукка, гуманизмге чакырып келгендигин белгиледи.

КРдин Маданият жана маалымат министри Султан Раев толеранттуулук, сабырдуулук маселелерин талкуулап жаткан бүгүнкү күндө бул маселе өтө керектигин, чоң конфликттерди диалог аркылуу чечүү зарылдыгын, муну болсо бизге Жусуп Баласагын жана Фетхуллах Гүлен сыяктуу кишилер ибараттаганын айтып кетти.

"Диалог Авразия (ДА)" платформасынын теңтөрагасы, Түркиянын журналисттер жана жазуучулар фондунун башчысы Харун Токак мырза Фетхуллах Гүлен аркылуу түрк ааламы дүйнөгө чоң жылдыздардын бирин бергендигин, ал кишинин идеясы аркылуу Чыгыш менен Батышта динине, тилине, түсүнө карабай 110дон ашуун мамлекетте лицейлер ачылгандыгын, бул улуу инсандын айтканын түшүнсөк, турмушка ашырсак, келечекте дагы да жакындап, бири-бирибизди терең түшүнөт элек деди.

Орусиянын "Родина" журналынын шеф-редактору Т.Филиппова "ДА" платформасынын түзүлүшүндө эки руханий лидерлер Ч.Айтматов жана Ф.Гүлен башында тургандыгын белгилеп, Фетхуллах Гүлен сопулук салттарга жакын экендигин, өзгөчө Мавлана Жалалиддин Руми менен көп жагынан идеялаштыгын көрсөткөнүн айтып өттү.

Конференцияда Түркиянын Сивас университетинен келген профессор Энбия Йылдырым, Марамара университетинин профессору Абдулазиз Хатип, Жазуучулар жана журналисттер фондунун координатору Фарук Тынжер менен бирге эле кыргыз аалымдары А.Беделбаев, А.Ормушев, А.Какеев улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Фетхуллах Гүлендин ортосундагы жакындыктарды, алардын сабырдуулук, адамгерчилик идеяларын көтөргөндүгүн, бул ойлордун азыркы доордогу мааниси жогору экендигин баса белгилешти.

Эл аралык "Руханият" ассоциациясы Фетхуллах Гүленге 2004-жылы "Элдердин ортосундагы тынчтык жана кызматташтык үчүн" деген сыйлыгын тапшырган. Ал эми бул жыйынды бардык өлкөлөрдөн эң биринчи болуп, биздин өлкөдө дал ушул "Руханият" өткөрүп жаткандыгын да айта кетүүбүз абзел. Ассоциациянын президенти А.Токтосартовдун айтуусунда конференциянын материалдары үч тилде китеп болуп чыгат. Ошондой эле Фетхуллах Гүлендин чыгармаларынын бир томдугу кыргыз тилине которулуп, жарык көрүү алдында турат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.