Эч ким садага чабылбашы керек дейт

Ассалому алейкум, "Айкын саясат" гезитинин кызматкерлери! Сиздердин гезитти чыккан күнүнөн тартып эле ынтаа коюп окуп келем. Гезиттеги ар кыл темалардагы макалаларды берилип окуйм. Анын ичинен бир аз мезгил мурда дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоз Фетхуллах Гүлен тууралуу жазылгандарга аябай кызыгып калдым. Өзүм маданият кызматкеримин. Сиздер сөз кылган илимпоздун "Гүлен кыймылы" деген уюму бар экенин билем. Бул уюм тууралуу окуп-билишимде, анын формалдуу эле түзүлүп калбаганына ишенем. Азыркы замандын шартында жогорку нрава, диалог, толеранттуулук идеясын пропагандалоо ниети менен көптөгөн интеллектуалдардын, религиялык ишмерлердин, изилдөөчүлөрдүн, мугалимдердин жалпы максатка баш кошкону кандай туура.

Баарынан да, бул түрк ойчулунун демократия жана адам укуктары тууралуу маселеде башкача ой жүгүрткөнү таң калтырат. Бир адамдын укугу жана эркиндиги жалпы коллективге же коомго садага чабылбашы керек дейт ал. Ал эми демократия , саясий режим тууралуу да өзгөчө ойлору бар экен. Гүлендик идея боюнча, ар бир адам өзүнчө эркин өнүгүп, анан барып жалпы коомго биригет деп түшүндүм. Мындай болгондо, коом үчүн ар бир адам керт башы менен жоопкерчиликте тураары анык.

А биздеги түшүнүк боюнча тескерисинче эле го: коомдун бир бөлүкчөсү болгон адам коомдун ичинде өнүгөт… Айтор, ушундай ньюанстары көп экен. Гүлен идеяларынын мен окубаган, билбеген жактарын сиздерден күтөм.

Жамила САТКЕЕВА, Бишкек шаары

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.