Ислам

Исламдын башаты; убакытка, орунга көз каранды болбогон түбөлүктүүлүк; маектеши-асман жердин кенендигинчелик болгон инсан жүрөгү, максаты - акырет жана дүйнө бактылуулугу.

Ислам, эзелтеден бери келген жана чексиздикке карай созулган түз жолдун аты жана жер жүзүндө инсандардын эң улуусунун жүрөгүнөн баштап баардык жүрөктөрдүн ачылуусу жана жалпы адамзаттын “түбөлүктүүлүк” арзуусунун аткарылышы үчүн Алла Таала тарабынан жиберилген түзүлүштүн аталышы.

Ислам, жер жүзүнө түшүрүлгөндөн бери болгон күч-аракетин жүрөктөрдүн ачылуусуна жумшаган жана жашоонун баардык тармактарына кадам койгон. Анын көкүрөктөрдөгү тереңдиги менен жашоонун баардык таасири төп келишип турат. Анын руханий дүйнөлөрдө канчалык жакшы кабыл алынса, жашообуздан ашып-ташып, чөйрөбүзгө тийип турган таасири дагы ошончолук терең жана узун мөөнөттүү. Б.а. инсандын жүрөгүнөн канчалык терең орун алса, чөйрөдөгү таасири дагы ошончолук күчтүү болот жана коомчулуктун адеп-ахлагы, экономикалык, саясый жана маданий жашоосу дагы ар дайым бул ишеничке ээ болот. Ооба, коомчулук баардык жагы менен аны чагылдырып тура; искусство, адабият бул ички ишенимдин өң-түсү, кооздуктарындай сыртка чагылууда, баардык жерде жаратылыш жана нерселердин саптарында ал ишенимдин үнү, кайрыктары жаңырып турат. Көрүнгөн жана көрүнбөгөн баардык нерсе. Бизге үнсүз-сөзсүз ал ичте камтылган нерсенин тили менен адам баласы угуп көрбөгөндөй мукам үндүү кайрыктарды сунат.

Ушул себептүү ыймандуу инсандардын тилинде ар дайым түбөлүктүүлүктүн кайрыктары созолонот. Алар качан көздөрүн ачып, айланага назар салышса, өздөрүн бейиш бакчаларын алып барчу дализдердебиз деп ойлошот жана жол түйшүгүн жол аягындагы кубанычтарды кыялдануу унуттурат жана ырахаттана жолдорун улашат.

Жүрөктөрдү ача турган ачкыч “лаа илааха иллаллооху, Мухаммадур Расуулуллоох” сөзү. Исламдык көз караш боюнча ишенимге байланыштуу баардык өзгөчөлүктөр бир акыйкаттын эки тарабы болуп эсептелген бул эки сүйлөмгө негизделет; ыймандын “Туубаа дарагы” ушул уруктан өнүп чыгат жана Алланы таануу мөмөлөрүн сунуу менен инсан сезиминин түпкүрүнөн түнөк табат жана ал инсандын ар бир кыймыл аракеттеринен байкалат.

Инсан, ар дайым ушундай изденүүнүн артында болбосо, жүрөгүндөгү ишеним, анын бүтүндөй кыймыл-аракеттерин белгилүү бир багытка бурат. Андай бир адамдын жашоо көрүнүшү, жолу, социалдык байланыштары дагы бул ички кыймылды чагылдырат жана о.э. андай инсандын маданий иш-аракеттеринде дагы ошондой көрүнүш көзгө урунат. Бирок, баарынан мурда, инсандын ааламдагы орду, жаратылуу максаты, мойнундагы милдети жана жоопкерчилиги акырындык менен анын сезимин бийлеп, аны жогоруга умтултат.

Ооба руханий жашоонун туу чокусуна багыт алган инсандын кандай ой-пикирге ээ болушу, кандай кыймыл-аракет жасашы, ибадаттарында канчалык кылдаттыгы, адеп-ахлак жаатындагы сезимталдыгы, ар дайым өзүн жөнгө салып, күнөөлөргө батуудан коркуп сактанып турары белгилүү. Ушунчалык деңгээлдеги сезим жана ой-пикирге ээ болгон инсан үчүн жашоо баардык тармагы менен нугуна түшкөн дарыя сыяктуу деңиз, океандарга кошулуу үчүн агат жана ал инсан ошол дарыя агымында Алланы сүйүү жана Ага жолугуу кубанычына жашайт. Ыйман тереңдигине жараша ага ээ болгон инсандын ички кыймылдаткыч күчү ибадат, анын колдоочусу, адеп-ахлак анын инсандык өзгөчөлүгү, маданият анын табияты болуп саналат.

Ушул себептен, бүгүнкү күнү биздин мойнубуздагы милдет, өз ишеним жана көз карашыбызга бекем туруп, өз маданиятыбызга жүздөнүүбуз, өздүк багытыбызды сактап калуу үчүн күрөшүүбүз жана жаңыча көз караштарыбызды дагы, өздүк ой-пикирге негиздөөгө аракет кылуубуз керек. Ооба, колдон келишинче өздүк булактарыбызды бекем тутуп, өз нугубузда деңизге барып кошулууну ойлоп, аны бир китеп сыяктуу талдап, окуп жаңы маалымат, жаңы ой-пикир жаратууга аракет кылышыбыз зарыл.

Албетте, Ислам дининин башка элдердин жакшы жактарын алууга эшиги ачык. Ислам, дүйнөнүн аркы четинде болсо дагы пайдалуу нерселерди издеп табат. Ооба ал, физика, химия, математика, астрономия, инженерлик, медицина, агрономия, өндүрүш жана башка технологияларды бир учурларда кайдан болсо дагы алып пайдалангандай эле, өнүктүрүп, арттан келген муундарга аманат кылып калтырат. Бүгүнкү күнү алынса боло турган баалуулуктарды кимден болсо да алып, колдон келсе өнүктүрүп, жаңы мурасчыларга өткөрүп берет.

Негизинде, инсан Алланын жер жүзүндө жараткандарынын эң улуусу болуусу дагы, мусулмандын акыйкатка терең умтулуусун, изилдеп үйрөнүүсүн талап кылат. Момун-мусулман ишеним, көз-карашта Куран, сүннөткө байланыштуу болгон маселелерде, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр таржымалы жана ислам тарыхы, исскуство жана маданият тармагында бөтөн булактарды негиз тутунуусу туура эмес. Бирок, бүтүндөй баардык көз караштарын ислам душмандыгына негиздеп, Ислам динин Алла тарабынан эмес деп таанып жана башкаларга дагы ошондой тааныткан адамдардын жакшы ниет менен мамиле жасоолору, мусулмандар үчүн жакшылык ойлой тургандыктары жана алардын өнүгүүсүн каалоосу мүмкүн эмес. Анын сыртындагы илим жана технология болсо, булар мурунку убактардан бери эле элдердин ортосунда бири-бирине берилип келгендей эле, колдон-колго өтүп мындан кийинки мураскорлорго кала берет. Чындыгында, алардын динине жана улутуна дагы көңүл бурулбайт. Ушул себептүү туура көз караш жана ишенимге ээ болгон коомдор, жогоруда айтылган баардык позитивдүү илимдерди, руханий дүйнөсүндө изилдеп, талдап, жүрөктөрүнүн кагышына айлантат жана инсандарга Аллага алып бара турган жолдорду көрсөтөт.

Биздин пикир дүйнөбүздө ушундай ийилчээктик бар. Ал эми, Европанын илим түшүнүгү, илим усулу, кээ бир себептерден, жалпы батыш өлкөлөрүндө ар дайым илим жана дин кагылышуусуна, акыл менен жүрөктүн бири-биринен айрылуусуна алып келген. Бул жаман абал бүтүндөй батыш системаларында кылымдар бою уланып келген проблемалардын негизин түзөт. Тактап айтканда, мурда бир гана диний көрүнгөн уюмдардын көз карашына каршы түзүлгөн бул илимий жана философиялык жаат, убакыттын өтүшү менен диний көз караштарга каршы багыт алып, атеизмди колдоп, анын коргоочусуна айланган. Баардык диндерге карата болгон бул душмандык кыймыл-аракеттердин чабуулуна күнөөсүз, таза исламдык көз караш дагы кабылган жана катуу кордуктарга дуушар болгон.

Мурдагы убактарда, түздөн түз эркин көз караш жана илимге, диний көрүнүштөгү уюмдардын пикирлерине каршы багытталган бул аракет убакыттын өтүшү менен Алла, дин деген түшүнүктөрдүн душмандыгына айланган. Дүйнөнүн дээрлик баардык жерлеринде динди тутунгандарга каршы чабуулга өткөн. Ислам дүйнөсүнүн эч убакта илимге, ой-пикир эркиндигине каршылыгы болбосо дагы, кээ бир дин душмандары бул айырмачылыкты көрмөксөн болуп, аны дагы христиандыкка салыштыруу менен ага ырайымсыз сокку урушкан.

Чындыгында Ислам дини, алгачкы учурунан бери карай жалпы адамзатка жаңы жана теңдешсиз жашоо көрүнүшүн тартуулаган. Бул түзүлүш, өткөндө теңдешсиз болгондой эле, келечекте дагы улуулуктун символу сыяктуу көрүнчү. Ислам негиздери адамзат жашоосун кайра баштан жөнгө салып, дүйнө жан акыретке, физикалык жана метафизикалык ааламдарга жаңы ачыктоолор киргизген. Ислам дини алып келген баалуулуктар, өмүр менен өлүмдү байланыштыруу менен инсандарды канааттандыра турган жоопторду берип, маектешинин жүрөгүндө жана зээнинде эч бир боштук калтырбайт. Аны баардык жагы жандуу; жашоодо ишке ашырылган сайын жөнөкөйлөшүп, баардык мүшкүлдөрдү чечет. Жеке, үй-бүлөлүк, коомдук, экономикалык, саясий жана маданий жашоонун баардык жактары менен тыгыз байланышы бар.

Ал батыштагы түшүнүгү боюнча “идеализм” эмес. Себеби, “идеализм” кыялдагы белгисиз нерсе. Ал биздин жашообуз менен эч кандай байланышы жок түшүнүк.

Ал эми, Ислам дини болсо, адам баласынын жашоосунун баардык тармактарында ишке ашырыла турган акыйкат. Анын чакырыгына кулак салгандар, өз табияттары менен айкалышкан, тыгыз байланыштагы системага күбө болушат. Ал жашоонун туу чокусундагы адеп-ахлак маселелерине чейин эч бир нерсени кайдыгер калтырбастан, жеке, үй-бүлөлүк кичинекей мүшкүлдөн эң татаал социалдык маселелерге чейин баардык темада өтө өзгөчө ачыктоолорду сунуп, эч бир мусулманда жолдо калтырган эмес. Ал жеке адамдарга таасир берүүдөн баштап, ал инсандын жан дүйнөсүнөн бекем орун алгандан кийин андан чөйрөгө таралып, ар тарапта жашоосун маңызын өзгөртүп, жүрөктөргө түбөлүк жашоонун кабарын берет. Анын алып келген кабары, дүйнөлүк, коомдук ынтымак, биримдик, келишим, инсандардын ортосундагы диалог, толеранттуулук маанилерин камтыган. Оройлук, кордук көрсөтүү, үстөмдүк кылуу, жек көрүү анын сырттагы душмандарына таандык, алардын түркөйлүгүнүн натыйжасында пайда болгон нерселер эле.

Бир азга болсо дагы душман зулумун токтотуп, дос оопалуу боло алса, ислам магма сыяктуу оргуштап же жарык шоолалар сымал жер жүзүндөгү жек көрүү, душмандыкты айдап кетет жана баардык тарапты, акыр аягы бейишке барып такалган сезимдер ээлеп калат. Анын арты менен жер жүзүндө кагылышуулар, кылмыштар жана террорчулук унутулуп, анын ордуна баардык тарапта сүйүү, ынтымак жана бейпилдик өмүр сүрөт.

Чындыгында, Ислам дини орун алган жүрөктө Жараткандын урматына жаратылгандарга карата бир гана сүйүү, жакшы мамиле жана толеранттуулук жашайт. Ооба, бир жүрөктө ыйман жана жек көрүү бирге болбойт. О.э. инсан ар бир көз ирмемде Алла менен болгон байланышын жаңыдан бекемдеп турса анын жүрөгүндө душмандык сезими болушу мүмкүн эмес. Ислам динине таандык ар бир кыймыл-аракет бизди мусулманча жашоого багыттайт. Жүрөктөгү сезимдер, көңүлдөгү ойлор кыймыл-аракеттерибизде чагылуу менен адеп-ахлагыбыздын негизин түзөт.

Ушундайча, негизи инсан жүрөгүндөгү Аллага ыйманга жана ишенимге негизделген инсандык улуулук, сүйүү, ыкылас көрүнүшүндө чөйрөгө тарап, мусулман адам жекеликтен чыгып, өзүнчө бир элге айланат.

Ой-пикирлер, пландар оболу инсандын зээнинде пайда болуп, андан кийин жүзөгө ашкандай эле, ибадат, адеп-ахлак, руханий жашоо, маданият жана жалпы инсандык байланыштар эң оболу инсандын көңүлүнүн түпкүрүндө ыйман жана ишеним катары пайда болот жана өнүгүү менен жашоону толук кучагына алып, бүтүндөй инсандык кыймыл-аракеттерди кооздоп, ар бир иш-аракеттин негизин белгилеп, баардык маселеде өзүн сездире баштайт.

Ислам, адамзатка, бүтүндөй башка дин жана философиялык системалардан айырмаланып, бүтүндөй жер жүзүн камтып, бирок өзүнө таандык бир ой-пикир, жашоо көрүнүшүн сунган жан мусулмандарга аны жашоосунда жүзөгө ашыруу жоопкерчилигин жүктөгөн.

Муну сезе билген мусулман, баардык жеке, үй-бүлөлүк жана коомдук байланыштарында бул чектен чыкпоого аракет кылат, келечегин ушул түшүнүккө карата пландайт. Колдон келишинче, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче бул жоопкерчиликти аткарууга аракеттенет. Негизинде, ар кандай бир ой-пикир жана көздөгөн максат, шарттардын ылайыктуулугуна жараша жүзөгө ашырууда бир канча иш-аракеттер менен кубатталбаса, ал ой-пикир жана максат кылынган нерсе жөн гана түш жана кыялдар сыяктуу зээндерде кала берет.

Негизинде, ички дүйнөбүздө тамыр жайган ыйман акыйкаты дагы жашоодо иш жүзүнө ашкан деңгээлде өнүгүп, уланат. Ооба ал, жүрөктөрүбүздө орун алгандан кийин, кыймыл-аракеттерде тууралык жана ишенимдүүлүккө айланат; намаздарыбызда коркуу сезимин берип, коомдук байланыштарда адилеттүүлүк жана туура жолдо болууга башат болуп берсе, өнүгүп-өсүүсү чексиз.

Кыскасы Ислам, жаратылыш китебинин добушу, түшүндүрмөсү, баяны өткөндүн, учурдун, келечектин сүрөтү, картасы жана жабык сыяктуу көрүнгөн эшиктердин ачкычы. Бөлүктөргө ажырабай турган бир бүтүн. Аны бөлүктөргө бөлүп, ал бөлүктөрдөн бир маани чыгарууга аракет кылуу чоң жаңылыштык.

Ислам, ыйман, ибадат, ахлак, инсандык баалуулуктарды жогорулатуучу система, көз караш, илим жана өнөр. Ал жашоону бүтүн бойдон талкууга алып, өз баалуулугу менен кооздойт жана аны тутунгандарга эң сонун сапаттарды берет. Ал ар дайым жашоону чындык менен талдоого алат жана куру кыялга барбайт.

Ислам, ыйман маселелеринен маданий иш-аракеттерине чейинки баардык жерде жашоонун ичинде. Албетте анын мындай болуусу, анын ар дайым жандуу бойдон калуусунун жана жалпы дүйнө жүзүн камтуусунун эң маанилүү белгиси жана негизи.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.