Адам баласынын Алланын алдындагы орду жана абалы

Адам баласынын жаралышы, ааламга өзгөчө баалуулук алып келди; ал дүйнөгө жаратылыш дарагын толуктоо үчүн келген. Рух жана дененин бириккен жерине жайгашкан жана бул жашоонун түйшүктүү жолоочусу, ар бири жаратылышынын өзүнчө бир маңызы эсептелген бул эки нерсени тең салмактуу кармоодо кыйынчылык тарткан. Желек сыяктуу желбиреп, ошол эле убакта ылдый кулоо коркунучу менен жашап келет, андан кийин өзгөчө жардам менен түзөлүп, жаратылуу максатын көздөй жол тартты. Анын жашоосу керме килем сыяктуу ар дайым кубаныч жана кайгы жиптери менен өрүлүп жатты. Дүйнө жана акыреттен насибин ала ала турган жөндөм анда бар эле. Бирок, түбөлүк душманы болгон шайтан дагы аны азгырып, жолдон адаштыруу мүмкүнчүлүгүн күтүп жатты. Ушундайча ал түбөлүк бактылуулукка ээ болууга аракет кылып жатканда, шайтандын тузагына илинүү коркунучу дагы бар эле. Бир жагынан ал баарына ыймандын берметтерин тартуулап, экинчи жагынан ар дайым башынын үстүндө каргыш алган шайтандын көлөкөсүн сезип турчу.

Анын жаратылуу тагдыры баары үчүн кубанычтуу кабар эле. Бирок, өзгөчө жөндөмү менен бирге бир топ чоң жоопкерчиликтер жүктөлгөн болчу. Ал сөзсүз түрдө өзгөчө жаратылгандыгын сезип, өз жөндөмүнө жана ордуна ылайыктуу көрүнүштө кыймыл-аракет жасап, инсандык маңызына жараша жашашы шарт эле. Тескерисинче, жогорулоо мүмкүнчүлүгү жоготкондугу үчүн жазаландырылышы мүмкүн. Аны өзгөчө жаратып, материалдык-руханий сезимдерди берген Улуу Жаратуучу, андан сырткы көрүнүшү, өзгөчө жөндөмү үчүн шүгүр кылуусун талап кылып жаткан.

Ооба, адам баласы ички жана сырткы өзгөчөлүктөрү,-башаты Алланын жардамы-сулуу көрүнүшү, көкүрөгүнүн кенендиги, маңызынын байлыгы менен өтө өзгөчө жаратылган. Ал баардык жагы менен жаратылыш керемети, ар бир мүчөсүндө укмуштуудай айкаштык бар. Сырткы жана ички сулуулугу менен өтө улуу сапаттарга ээ. Анын ички жана сырткы сезүү органдарынын, бул укмуштуудай түзүлүшкө жараша жаратылгандыгы анык. Дүйнө-акыретти кура ала турган көрүнүшкө ээ. Өзгөчөлүктөрү жана жөндөмү укмуш жана Кудуреттүү Заттын эң сонун күзгүсү. Колу-буту, көзү-кулагы, тили-эрини, башы-мээси, эти-сөөгү, муундары, кан тамырлары, нерв тамырлары, руху-жүрөгү, сезими-зээни, акылы, ой-жүгүртүүсү, үмүттөрү менен ал Кудуреттүү Заттын жараткан нерсеси, ааламдардын кичинекей үлгүсү, материалдык-руханий нерселердин өзөгү, аалам сыяктуу ички кеңдиги, сыртынан караганда кичинекей көрүнгөнү менен ички бай маңызы менен өтө кереметтүү табиятка ээ жана анда эч кандай орунсуз көрүнүш байкалбайт. Тескерисинче ал, формасы, көрүнүшү жагынан өтө өлчөмдүү, кемчиликсиз, кыймыл-аракеттери, жүрүм-туруму, сүйлөшү, жеп-ичиши, үнү-сөзү, басышы, отурушу, турушу жана башка абалдары менен ажайып кереметтүү, “Кудайдын бергени” деп айтууга ылайыктуу. Сокур болбогон баардык көз, өлбөгөн сезимдер, ой жүгүртө ала турган акыл андагы бул сулуулукка арбалат жана Улуу Жаратуучунун андагы чексиз сыпаттарынын чагылуусуна күбө болуп, таң калат.

Бүтүндөй булардан башка, Алла Тааланын адам баласын халифа кылып жаратышы өтө улуу даража. Курани Карим инсанды Алланын халифасы деп айтат. Демек, жер-асманда эмне бар болсо, баардык нерсе ал үчүн жаратылган. Анын буйругуна башка баардык макулуктар баш ийдирилген. Ооба, микро организмдер ошол кичинекей дүйнөлөрү менен, айбаттуу зор макро аалам адам баласы үчүн жана анын пайдасына ылайыктуу кылып жаратылган деп айтсак болот. Ушундай баш ийдирүү адам баласынын колунан келбейт жана бул нерсе акылсыз нерселер жана сокур табият тарабынан эмес. Бул кең чөйрөдөгү баш ийдирүү иши, халифалык аты менен жалпы жаратылышка кийлигишүү укугу, түздөн-түз Алланын буйругу менен болот.

Айрыкча, асман-жер, тоолор, дарыялар, деңиздер жана аларда сүзуп жүргөн кемелер, кичинекей жандыктар, чоң макулуктар адам баласына баш ийдирилип, анын пайдасы үчүн кызмат кылуулары адам баласынын баардык нерседен жогору тураарын көрсөтүп турат. Ошондуктан ага таандык болгон эч бир нерсе, дүйнөлүк нерселерге сатылып, алмаштырылбайт. Себеби ал, эч нерсе менен бааланбаган өзгөчөлүккө ээ.

Албетте, адам баласы бул кереметтүү өзгөчөлүктөрдү ал кичинекей денеси менен жеткен жок. Себеби, анын денеси бүтүндөй ааламга салыштырмалуу кымындай дагы эмес. Бирок, эң жакшы өзгөчөлүктө жаратылган бул макулуктун маңызы, жөндөмү, өзгөчө руху менен бүтүндөй жаратылыштан жогору турат жана бул сыпаты менен,

“Ал периштелерден дагы улуу,
Аалам анда катылуу”.

Негизинде ал, жаратылышка кийлигишүү, кээ бир нерселердин көрүнүшүн, маңызын өзгөртүү, колу жеткенинчелик чөйрөсүн каалоо, тандоосуна жараша боёо укугуна ээ кылынып жаратылган халифа жана өзгөчө коногу. Тескерисинче, кээ бир материалисттер сыяктуу аны ичип-жеп, дене кумарын кандырып, андан кийин жантайып жата калган бир макулук деп ойлоп, ошондой көз-карашта болсоңор, ага акаарат кылган болуп саналасыңар. Инсан, кордолуп, кичик эсептелинген маанисиз макулук эмес. Ал Чексиз Кудуреттүү Затты чагылдырып турган керемет жандык. Ооба, материалдык жана руханий ааламдардын Ээси Өзүн бир жолу дагы аны менен таанытууну каалаган. Аны Улуу Затынын күзгүсү кылып жараткан жана анын жүрөгүн руханий сырлардын казынасы, тилин акыйкаттарынын ачыктоочусу кылган. Алла каалагандыгы үчүн ошондой болгон. Эгер Ал каалабаганда инсан жана эч бир макулук жаралбайт эле. Ошондой эле Ал каалабаганда бул ааламда эч бир нерсе тура алмак эмес. Адам баласы Улуу Жаратуучунун жаратылышты туура баяндаган тилмечи, жаратылыш аны оку, талдап, пайдаланып, шүгүр келтирүү үчүн ага Алланын тартуусу жана белеги. Кең асман мейкиндиги жана андагы айлар, күн, жылдыздар; жер жүзү жана андагы жандуу-жансыз баардык нерселер: аба, суу, топурак, топурактагы түрдүү кен-байлыктар; бак-дарактар, өсүмдүктөр, куштар, курт-кумурскалар, өрөөндөр жана андагы кулпурган табият кооздуктары, түрлөнүп баарын арбап, сыйкырлаган түстөр, түрдүү тилдеги кайрыктар, түрдүү үндөр, Жаратуучунун “Халифам” деп атаган затка, адам баласына тартуусу болуп саналат.

Бүтүндөй буларды, өздөрүнө таандык маани-маңыздары менен таанып, сезе билгендер алсыздыктарында Раббилеринин чексиз кудуретин, кедейлик жана муктаждыктарында Анын байлыгынын изин көрө алышат. Ушундай ой-пикир жүргүзүп, Жаратуучуга шүгүр келтиришет. Ушунун негизинде Улуу Жаратуучуну таанып, Ага болгон сүйүүлөрү ашып-ташат жана Анын алдында тизе бүгүп, чекесин жерге тийгизип кулдук урат. Аны чын дилден сүйөт жана Аны сыйлоо менен зикир кылат. Алланын чексиз сулуулугун жаратылыштан түрдүү көрүнүштө көрүп, Аны даңазалап булбул сыяктуу кайрыктарды созолонтот. Инсан Алланы көрүп тургандай сезим менен жашайт. Себеби Ал ушундай жөндөм менен жаратылган. Ал сырткы жана ички жөндөмдөрү менен макулуктардын ичинде өзгөчөлүктөрдүн символу сыяктуу.

Инсан жаратылгандан бери ага эсепсиз тартуулар берилген; ага периштелер сажда кылдырылган, ага баардык нерселердин ысымдары билдирилген, “улуу аманат” жүктөлгөн. Ал жер бетинде улуу маданияттарды курган, ал жерде түбөлүктүү жашоо ою дагы бир жолу жанданган, Алланын ахлагы менен мүнөздөнүп “сафийуллах” (Алланын таза пендеси) деген наамга ээ болгон. Табиятынын талабы катары бир жолу мүдүрүлсө дагы дароо түзөлө алган. Буйрукка баш ийүүдөгү сырды түшүнүп, Раббисинин буйругуна убактылуу каршы иш жасап койгондугуна бушайман болуу менен ыйлап-сыздаган. Бейиштен алыстап бара жатканда, ал жерге кайра кайтуу эрежелерин жана шарттарын бекем кармануу менен жаза таюу коркунучунда жашап жаткан биз сыяктууларга кайрадан түзөлүп, жолун улантууга жакшы бир мисал болгон. Үмүтсүздүккө сала турган тумандуу учурларда дагы Бейишке, түбөлүк бактылуулукка жана Алланын жамалын көрүүгө болгон үмүтүн жоготкон эмес жана мүмкүн болушунча мүдүрүлүп жаза тайбаштыкка аракет кылуу менен Аллага бет алган.

Негизинде бул, бүтүндөй момундардын тагдырында бар. Инсан, Аллага ишенип, ишенбегендигине жараша Ага урмат көрсөтүп, анын берген ырыскы-тартуулары үчүн шүгүр келтирүү менен убагы келгенде башы көккө жетет, периштелердин чөйрөсүнө кирет.

Инсандын орду

Инсан, Алла Таала менен болгон байланыштары менен бирге, Улуу Жаратуучунун “аманат” деген жоопкерчилигинин дагы жалгыз аманатчысы болуп эсептелет. Ошондой эле, халифалык менен кошо башка макулуктарга кийлигишүү жана аларга өкүмдарлык кылуу укугу берилген. Ошондуктан, баардык тартуулар жана милдеттер менен бирге ага ишенимдүү, моралдык жактан таза болуу сыяктуу жоопкерчиликтер жүктөлгөн. Ал Аллага карата ишенимдүү, туура; пенделерге карата дагы ишенимдүү; өзүнө карата жоопкерчиликтүү жана аруу; кол алдындагы баардык нерсеге жана инсандарга карата мээримдүү жана ишенимдүү болушу керек. Негизинде халифа болуунун милдеттери дагы ушул негиздерге курулган. Тактап айтканда адам баласынын башка жандуулардан айырмачылыгы дагы көбүнчөсү ушул негиздерге таянат. Мына ушулар менен ал жаратылышта өзүнүн деңгээлинин жогорулугун көрсөтөт. Ушулардын арты менен жашоосун жүрөгүндөгү сезимдерге ылайык жашайт. Ушул сапаттары менен ага терс көз караштагыларга канааттандыраарлык жоопторду берет.

Тескерисинче, ал мындай ишеним, тууралык жана аруулук ээси боло албай, ага аманат кылынган инсандык маңызын инсанга жараша турган көрүнүштө сактай албайт, ички жана сырткы жөндөмдөрүн берилген максатынын багытында колдоно албайт, колдонбойт, диний жана дүйнөлүк иштеринде Алланын ыраазычылыгына ылайык иш аткарып, колдон келишинче бузуку иштерден алыс боло албайт, эң башта инсандар жана башка баарына, баардык нерселерге халифа жана аманатчыдай кылдат мамиле жасабаса, “аълааи иллийинден” кыянатчы, чектен чыккан катары астыңкылардын астыңкысы маанисине келген “асфали саафилийнге” кулайт.

Ооба, бир инсандын Алла тарабынан белгиленген укук жана милдеттери, өзүнө карата болгон жоопкерчилик жана милдеттери, ошондой эле башкалардын укуктарына сый мамиле жасоосу... сыяктуу нерселердин баары анын инсан болуу өзгөчөлүгү менен бул дүйнөгө жаралуусуна байланышкан жоопкерчиликтерден. Буларга так аткаруу көбүнчөсү көкүрөктүн тирүүлүгүнө жараша болот. Жүрөгү таза эмес инсандардын бул жоопкерчиликтерди кемчиликсиз аткаруусун күтүү болбогон нерсе.

Жүрөк, түркөйлүк, текебердик, мактаныч, менменсинүү сыяктуу нерселер менен тарып, өзүмчүлдүк дализине айланат. Көкүрөк кеңдиги илим, Алланы таануу, Алланы сүйүү, Алладан коркуу жана башкалардын бактысын ойлоо сезимдери бийлеген жүрөктөргө Алланын берген белеги. Жүрөк, илимге ышкылуу, Алланы таанууга умтулган, Алланы сүйүү сезими менен согуп турса жана Жаратуучунун урматына баардык нерселерге жакшы мамиледе болсо, ал жүрөктө коомдук рух пайда боло баштаган. Биз аны көкүрөк кеңдиги жана жүрөктүн ачылышы деп атайбыз. Мындай жамаат руху, адам баласын ар түрдүү өзүмчүлдүк кыймыл-аракеттерден алыс болуп, ички дүйнөсүнө кайрылат деп айтууга болот. Баардык нерсеге жана баардык инсандарга карата жылуу мамиледе болот. Ошентип, көкүрөгү ааламдарды камтый ала турганчалык кеңейип, текебердик, мактаныч, өзүмчүлдүктөн алыстайт. Ал ушундайча кичипейил инсан болуп, ошол замат чөйрөсү периштелердин чөйрөсүнө айланат.

Негизинде, бир коомдо кенендик жеке инсандан башталат, коомдун мүчөсүнүн жүрөгү кенен болсо, коомчулукта дагы ошол кенендикти чагылдырып турат. Коомду инсандардын жүрөгү тар, ой пикиринде өзүмчүлдүк сезими бийлеп турган болсо, мындай бөлүкчөлөрдөн жакшы коом куралбайт, ал эми улуу мамлекет курулушу такыр эле мүмкүн эмес. Себеби бир коомду чыныгы мааниде бийиктеткен, чоңойткон нерсе, ал коомдогу инсандардын коомдун камын ойлонуусу болуп эсептелет жана ал коомдун келечегинин кеңдиги, өмүрүнүн узундугу, мамлекеттер аралык теңдештикте көзгө урунаарлык орунга ээ болушу дагы инсандардын коомчулук тууралуу кам көрүүлөрүнө байланыштуу. Ой-пикирлери тар, өзүмчүл инсандардан түзүлгөн коомдун убакыттын өтүшү менен кыйрашы анык. Тарыхтын эң катаал күндөрүн баштарынан өткөргөн, бактысыз чөлкөмдүн жаштарынын бүгүнкү күндө ушундай бир аянычтуу абалга кабылып тургандыгын айтууга болот.

Биздин дүйнөбүздө бул нерсе болбошу керек эле, себеби, бизде ыйман сыяктуу күчүбүз бар эле. Бадиуззаман айткандай, “Ыйман-бул нур жана күч-кубат;чыныгы ыйманга ээ болгон адам ааламга каршы туруштук бере алат.” Бирок, ыйман жаатында бизде бир топ мүшкүлдөр бар. Ушул нерселер ыймандын жеңилбес күчүн белгилүү өлчөмдө алсыздатууда, балким кыйратууда жана ислам түшүнүгүн табиятыбызга айлантуубузга тоскоол болуп жатат. Ошондуктан, ар дайым өзүмчүлдүгүбузго жеңилип, текеберлигибиз, мактанчаактыгыбыз өз күч булактарыбызды жок кылып, жеке пайда көздөө, атак-даңкка жетүү оорубуз, бийликке жетүү, күч колдонуу сыяктуу ооруларыбыз бизди коомдон бөлүп, коомчулук тууралуу кам көрүү сезимибизди өлтүрүүдө. Коом мүчөлөрү менен чын дилден бириге албай, тескерисинче келишпестик сезимдери менен жашап жүрөбүз.

Бир убактарда, биздин бир нерсеге болгон ишенимибиз бизди бири-бирибизге тыгыз байлап, ибадаттарыбыз ар күнү бир канча жолу бизди жанаша кылчу. Улуу ой-максаттарыбыз жана Аллага берилген дилибиздин арты менен Улуу Жаратуучуга жана калкка ар дайым жакын болчубуз. Аллага кул болуу сезими бизди башка нерселерге кулчулук кылуудан куткарып, бизге чыныгы эркиндикке ээ болуу мүмкүнчүлугун тартуулоочу. Ой-пикир жана ишенимибизде кыялдар ааламында жашачубуз: Намаз окуп, Алла менен байланышта болуп, орозо кармап, Ага жакындаганыбызды сезгендей; зекет берип, өзүбүздү Алла берген мал-мүлктүн аманатчысы катары көрүп, муктаждарга садага бергенибизди милдет кылуунун ордуна, акысын алып, бизди жоопкерчиликтен куткаргандыгы үчүн аларга ыраазылыгыбызды билдирип, баардык жеке милдеттерибизди аткарып жатканда чөйрөбүзгө жумшак мамиледе болуп, өмүрүбүздү жамаат рухунун шаңдуу чөйрөсүндө Бейиште жашап жаткандай өткөрчүбүз. Баары менен бирге элек, бүгүнкүдөй кайгыны сезчү эмеспиз жана көкүрөктөрүбүздүн кеңдигинин негизинде, коомчулуктун баардык жеринде бейпилдик өкүм сүрүп турчу. Текебердик, менменсинүү, мактаныч, көралбастыктан алыс элек. Жек көрүү шайтанга жана шайтандык сапаттарга каршы кырып-жоюучу курал сыяктуу болуп, баардык жерде бир туугандык сезими өкүм сүрүп тураар эле.

Негизинде, Алланын улуулугунун алдында “Абалымын жана ордумун талабы ушул болуш керек...” деп кичипейилдик менен аяк баскан жерине чекесин тийгизип, өзүн инсандардын ичинде бир инсан катары көрүп, алар менен бирге болууну коомдук жана жамаат рухунун талабы деп санаган адамдын , инсанды кичик кылып, анын көкүрөгүн тарыткан жана инсандык маңызды тулку бойдун зынданында камаган мактаныч, текебердик, менменсинүү, жек көрүү менен кандай байланышы болмок эле, болбошу дагы керек. Муну менен бирге ал башкаларга тебеленип, баш ийбеши керек. Себеби ал күндө бир канча жолу Алланын алдында башын саждага койгондугуна карабастан, макулуктарга баш ийбей турганчалык улуу жана эркин. Эң башта намаз жана башка ибадаттары менен ал бир мираж жолоочусу. Мираж болсо, асмандардын үстүндө, жогорку ааламдарга көтөрүлүүнүн аты. Ар күнү бир канча жолу саждалары менен периштелердин ааламына көтөрүлүп, алар менен саламдашкан, Аллага жакындык чегине жеткен азамат табышы керек болгон нерсесин таап, баардык күмөндүү жана негизсиз нерселерден кутулган болуп саналат. Мындай бир адам үчүн султандардын, королдордун, императорлордун эч кандай мааниси жок. Себеби ал, ар күнү эң азында кырк жолу Кыямат күнүнүн Ээси деген атка ээ болгон Султандардын Султанына пенде болгондугу үчүн эркин жана анын эркиндиги алынып, сатылбай турган, эч бир нерсе менен алмаштырыла албай турганчалык улуу баага ээ.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.